И.БИЙБОСУНОВ АТЫНДАГЫ

КАРАКОЛ ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Колледждин миссиясы

«Мектепке чейинки, мектеп мекемелери үчүн эмгек рыногунда талап кылынган жогору квалификациялуу, билимге, социалдык активдүүлүккө, ыйман, руханий баалуулуктарга, багытталган,  кесипкөй адистерди даярдоо, билим берүү процессинин социалдык керектөөсүн камсыздоо».

Колледжге 90 жыл
 
И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжи
Тарых барактары
Республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон колледждин имараты 1878-жылы тянь-шань карагайларынан салынып, экинчи имараты 1908-жылы курулган. Окуу жайдын имаратынын кенен, жарык класстык бөлмөлөрүндө биздин өлкөнүн белгилүү адамдары Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Хусеин Карасаев, Нагима Айтматова,Калыйнур Үсөнбеков, Бүбүйна Орузбаева жана башка илимдин жана маданияттын белгилүү ишмерлери окуп жана иштеп кеткендерин билебиз. Бул имараттарда XX кылымдын башында эркектердин жана аялдардын туземдик гимназиялары жайгашкан. Мезгилдин талабына жараша өлкөгө сабаттуу адистер талап кылына баштайт, ошондуктан 1930-жылы туземдик гиназиянын базасында педагогикалык техникум ачуу чечими кабыл алынган. Үстүбүздөгү 2020-жылы колледжге 90 жыл болот
И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжи 1930-жылы ачылган жана 1-сентябрда өзүнүн алгачкы 100(жүз) студентин кабыл алган.
Колледждин алгачкы аталышы- Бубнов атындагы Пржевальский педагогикалык техникуму,кийин М.Горький атындагы Пржевальский училищасы болуп өзгөргөн.
Окуу жайдын негизги милдети: улуттук мектептер үчүн мугалимдерди чыгаруу болгон.Окуу жайда окуу үч жылга созулуп айылдык жана шаардын мектептеринен жөндөмдүү балдар кабыл алынган.Буга академик Б.Орузбаева,Ж.Алышпаевдин аттестаттары күбө.
Окутулган сабактар башталгыч класстын мугалимдери гана эмес,тарых,география жана табигый- илимдер сабактарынын мугалимдерин даярдоого багытталган. Келечектеги Кыргызстандын илимий жана педагогикалык кадрларын даярдоо тапшырмасын ошол убактын жаш муундагы мугалимдери: Кусейин Карасаев,Зияш Бектенов,А.Ногоев,Темирбулат Валишев,Абдулкай Алдашев, Зайит Кадырбаев, А.Стариков мыкты аткарышкан.
Окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрү, окуу жайдын зарылдыгын толугу менен өзүн актагандыгын көрсөттү. Таланттуу жаш бүтүрүүчүлөр, эң биринчи башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштаса, андан ары тез жана эффективдүү окуп эл чарбасынын ар кандай тармактарынын жогорку квалификациялуу кадрлары болушкан. Алардын көпчүлүгү Нарын жана Ысык-Көл областарында шаардык,райондун жетекчилери,окумуштуу , инженер, аскер адамы болууга жетишишти. Окуу жай Кыргыз Республикасынын таанымал,ардактуу атуулдары болгон өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Алар Советтер Союзунун Баатыры- Үсөнбеков Калыйнур Үсөнбекович, ССР Илимдер Академиясынын академиги Алышпаев Жумагул Алышпаевич,филология илимдеринин доктору,кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы академик Орузбаева Бүбүйна Орузбаевна, профессор Жусаев Жолдош Жусаевич, көрүнүктүү советтик-партиялык жетекчилер К.Асангулов,Ж.Салиев,Т.Тамашаев,философия илимдеринин профеШаршенбай Шакитов,маданиятты башкаруу жетекчиси Камбарова Зинагүл Орозгожоевна, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери К.Абдыкалыков .
1941-жылы 21-июнда педагогикалык техникумдун бүтүрүүчүлөрү акыркы мамлекеттик сыноону тапшырып, кийинки күнү дипломду салтананттуу тапшыруу күнүнө даярданып жатышкан. Бирок кубанычтуу күндүн ордуна, 22-июнда радиодон согуштун башталышы жарыяланды.
Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып педагогикалык окуу жайдын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү өз ыктыяры менен армияга жана аскердик бөлүктөргө жазыла башташты. Эң биринчи ыктыярчылар окуу жайдын директору Давлетов Акмат, Нагаев Абдулла Галиевич жана башкалар болушту.
Согуш жылдарынан кийинки мезгилинде бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү мугалимдик кесиптин ордуна, колдоруна курал алып фронтко жөнөп жатышты. Согуш башталгандан анын акырына чейин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү мекенин коргогон жоокерлерден боло алышты. Советтер Союзунун Маршалы Г.К.Жуковдун эскерүүсүнөн: “ ...1945-жылдын 1-4-февралында Кюстрин районунун Одер дарыясынын батыш жээгинде болгон оор согушта 1008 аткычтар полкунун 1-батальонунун жоокерлери, офицерлери, сержанттары өзгөчө айырмаланышты жана орден, медалдар менен сыйланышты. Батальондун командири М.А.Алексеевге жана батальондун парторгу, улуу лейтенант Калыйнур Үсөнбековго Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамы берилди”.
Үсөнбеков Калыйнур Үсөнбековичтин өмүр баянынан ... 1921-жылы 23-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Булак кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1941-жылы июнда Пржевальск педагогикалык окуу жайын бүткөн. Бир жылдай Кичи-Жаргылчак толук эмес орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.
Кызыл Армиянын катарына 1942-жылдын февралында чакырылат. Согуштан кийин Советтик Армиянын катарында кызматын улантат. 1973-жылы генерал-майор наамында запаска бошотулган. 1987-жылдын май айынан генерал-лейтенант Үсөнбеков Калыйнур Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн согуш жана эмгек ардагерлер Кеңешин жетектейт. 1990-жылдан баштап республикалык “Эстелик китебинин” башкы редактору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 9,10,11-чакырылыштарынын депутаты; ал эми 1989-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Калыйнур Үсөнбеков –көптөгөн китептердин, мезгилдүү басылмалардын автору.
Согуш ССРдин көп аймагында жүрүп жаткандыктан, көптөгөн ишканалар, окуу жайлары Сибирге, Орто Азия, Поволжьеге эвакуацияланган. Бул аймактарда ишканаларды, окуу жайларды жайгаштырууга шарттар түзүлө баштаган. Мындай абалга Пржевальск шаары да туш болду. Аталган шаарда, тактап айтканда педагогикалык окуу жайынын имараттарына Николаевскийдеги жана Ленинграддагы корабль куруу институттарынын эвакуацияланган факультеттери жайгаштырылган. Бул институттун сабактары түшкө чейин өтүлүп, түштөн кийин педагогикалык окуу жайдын студенттери окушкан.
Корабль куруучу –инженерлерди даярдоо 3 жылга, 1942-жылдан 1944-жылдын жай айына чейин уланган.
Николаевский корабль куруу институту менен Пржевальск шаарына мугалимдер В.В.Лаханин, Е.Г.Серебряков, А.И.Картава, И.Д.Лясковский, К.Е.Чуешко, В.М.Бузник, А.П.Гаврилов, А.Г.Архангородский, А.Р.Шухман, Н.К.Реммер жана башкалар эвакуацияланган. 1942-жылдын жай айынын аягында Горькийден Ленинград корабль куруу институтунун профессор жана доценттери Г.Е.Павленко, В.А.Ванштейдт, В.К.Васильев, Н.Е.Путов, П.И.Титов жана башкалар 172 студент менен келишкен. Пржевальскийде педагогикалык окуу жайдын имаратында инженерлерди, механиктерди, технологдорду даярдоо жүргүзүлүп, 375 адис окутуп чыгарылган.
Николаевский корабль куруу институтунун жамааты бул жылдары эл чарбасы үчүн маанилүү иштерди аткарган, жергиликтүү ишканалардын жана колхоздордун муктаждыктарына байланышкан иштерди аткарууга техникалык жардамдарды көрсөтүп, Ысык-Көлдө жүк ташуу долбоорун ишке ашырган.
Жалпысынан, окуу жайдын илимпоздору жана окутуучуларынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү согуштук кеме куруу маселесине багытталган. Доцент А.Г.Архонгородскийдин жетекчилиги менен 20 окутуучудан жана студенттерде турган конструкторлук бюросу Ысык-Көл жана Балхаш көлдөрү үчүн эки теплоход жана эки баржаны долбоорлогон. Бул иш СССРдин Наркомречфлоттун жана Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин тапшырмасы менен аткарылган.
1942-1944-жылдары корабль куруу институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен Советтер Союзунун белгилүү жана эмгек сиңирген корабль куруучулары: Иван Михайлович Савченко корабль куруучу инженер, XX кылымдын 60-80-жылдарындагы ССРдин корабль куруу өндүрүшүнүн уюштуруучусу, суу астындагы атомдук корабль куруу жана анын технологиясынын мыкты адиси, Советтер Союзунун Баатыры.
Сергей Никитыч Ковалев –стратегиялык маанидеги советтик атомдук суу астындагы крейсерлердин генералдык конструктору. С.Н.Ковалевдун жетекчилиги менен 92 суу астындагы атомдук крейсер конструкцияланган. Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры ( 963,1974), Лениндик сыйлыктын (1965) жана СССРдин, Россия Федерациясынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978,2007), төрт Ленин орденинин кавалери (1963,1970,1974,1984), Октябрь Революциясы орденинин кавалери (1979), Россия илимдер академиясынын мүчөсү (1991-жыл АН СССР- 1981), техника илимдеринин доктору.
Василий Степанович Куцевол –советтик жана партиялык кызматкер. 1947-жылдан тарта ВКП (Б)нын мүчөсү, улуту –украин. 1920-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Николаевский кеме куруу институтунда билим алган. Пржевальск шаарында институтту аяктагандан кийин, 1942-жылдан 1944-жылга чейин Ярославль жана Киевдин өндүрүштүк ишканаларын техникалык өнүгүү бюросунун начальниги болуп иштеген. 1952-жылдан баштап партиялык кызматта Львовдо Совнархоздун төрагасынын орун басары (1961), КПССтин Львов шаардык комитетинин биринчи катчысы кызматында 1973-жылга чейин иштеген. Андан кийин 1973-жылдын ноябрынан 1986-жылдын мартына чейин В.Куцевол Украина ССРинин элдик контроль Комитетинин төрагасы болгон. КПСС БКнын мүчөсү (1971-1976). СССРдин Жогорку Кеңешинин 7-9-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Эки жолу Ленин ордени, үч Эмгек Кызыл Туу ордендери, Октябрь Революциясы ордени, медалдар менен сыйланган. 2001-жылы март айында дүйнөдөн кайткан.
1950-жылдын башында Ысык-Көл областы башталгыч классы үчүн педагогикалык адистер менен негизинен камсыздалган. Ысык-Көл жана Нарын аймактарында жогорку окуу жайын ачуу зарылчылыгы келип чыкан. Ошондуктан 1957-жылы педучилища Нарын шаарына которулган.
1964-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1964-жылдын 30-майындагы №228 “Пржевальск шаарында педагогикалык окуу жайын ачуу жөнундө” буйругунун негизинде окуу жай кайрадан Пржевальск шаарында ачылган. 1964-жылдан бери окуу жай башталгыч класстары жана мепктепке чейинки мекеме үчүн адистерди даярдап келет.
1975-жылы Кыргыз ССРинин Министирлер Советинин №334 буйругунун негизинде,элдик билим берүүгө жана маданияттын өнүгушүнө кошкон салымы үчүн окуу жай “ Кыргыз комсомолунун 50-жылдыгы” ысымы ыйгарылган.
2011-жылдан тартып окуу жайга физика-математика илиминин доктору, Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү Бийбосунов Ильяс Бийбосуновичтин ысымы ыйгарылган.
Ысык-Көл областык архивинин берген маалыматтары боюнча окуу жайды ачылгандан тартып бүгүнку кү нгө чейин 21 директор жетектеп келген: Медуситов Д.Н.,Бекжанов А.,Жолчиев А., Малаев Д.,Курмаев, Кузьмин Н.К.,Нагаев,Давлетов А., Решетняк В.,КАдырбаев З.,Жумабаев Д., Дехканов.А., Токтосунов Ш., Мочоев А.,Тыныбеков, Байгоноев.
1964-жылдан 1987-жылга чейин окуу жайдын директору Абакирова Банура Абакировна болгон. Банура Абакировна окутуучулардын коллективин кайрадан чогултуп, окуу процессин уюштурган.Окуу жай союздук жана республикалык деңгээлдеги аттестация жана текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өткөн жана текшерүүчү адистер тарабынан студенттердин теориялык,практикалык билим сапатын өзгөчө бөлүп көрсөтүлгөн. Жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн 80% айылдык жана шаардык мектептерге ишке орношушкан. Окуу жайдын көпчүлүк бүтүрүүчүлөрү башка өлкөлөрдө, Россия Федерациясында да ийгиликтүү иштеп жүрушөт. Банура Абакировнанын окуу жайды кайрадан туптоого,окуу системасына мугалимдерди мыкты даяроо менен салган салымы абдан чон. Муну мезгил озу таразалап койду. Окуу жайыбыздын тарыхында Банура Абакировнанын эмгеги унутулбайт,алтын тамгалар менен жазылып кала бермекчи.
1987-жылдан 2010-жылга чейин окуу жайды Морозов Николай Петрович жетектеген.
2010-жылдан тартып коллективди Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги Молдосанов Саламат Усенбаевич жетектеп келет. Окуу жай 2011-жылдан тартып өнүгүүнүн жаңы жолуна түшкөндүгүн мүнөздөсө болот. Колледждин адмнистративдик башкаруусу билим берүү жана агартуу областарында иштеген эл аралык организациялар менен байланыш түзүү жолдорун активдүү издей баштаган. Эл аралык Кыргыз-Герман коомчулугу менен техникалык жактан кызматташуу, Кумтөр ишканасы, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду, АКШнын Тынчтык Корпусу менен байланыш түзүлгөн.
GIZ менен кызматташуу жемиштүү болду. Герман коомчулугунун жардамы менен жаңы 583 экземплярдагы окуу китептери менен, 480 сандагы мектепке чейинки мекемелер үчүн адабияттар менен камсыз болду. 1млн 350 миң сом финансылык жардам көрсөтүлүп окуу жайдын китепканасы толугу менен реконструкциядан өткөрүлдү. Окуу жайдын оздук каражаты менен 3-корпусу ремонттолду,бул корпустун базасында 60 орунга негизделген студенттер үчүн жатакана ачылды. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 1(бир) миллион сом акча каражаты бөлүнүп, 2012-жылдын август жана сентябрь айларында чатыр алмаштырылган.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинен 12 компьютерлик жаңы класс ачылган.Демөөрчүлөрдүн эсебинен компьютердик проекторлор сатылып алынган.
Окуу жайдын атайын эсебинен 8 жаңы класс- комплект окуу мебели, 22 жаңы компьютер,бугунку кундо конференция залы жасалып,5 мультимедиалык акылдуу доска,ар бир циклдык комиссиясына проекторлор сатылып алынып,окуу системасы толук жаны талапка ылайыкталып камсыздалды.2019-жылы 35миң нускадан турган электрондук китепкана ачылды.
2020-жылы окуу жайыбызга 90 жыл толуп турат.Бул колледжибиздин мугалимдердин алтын уясы экендигинин далили болуп отурат.
 
 
 
 

Директор

Молдосанов Саламат Усенбаевич

moldosanov

Иш тартиби:
8.00 – 17.00 Дүйшөмбү – жума 
     8.00 -14.00 Ишемби 
күндөрү


© Power by KPK