fbook

instabook

kpk2

И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжин 

Директор

IMG 8573

Азаматов Алмаз Азаматович

График работы

пн- пт 8:00 -17:00

сб 8:00 -14:00

 

Колледждин миссиясы

“ Билим берүүдө инновациаялык жана заманбап технологиялык жетишкендиктерин ишке ашыруу менен бирге эмгек рыногунун талабына жооп берген жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо ”

Башталгычкласстардаокутууадистигиндаярдоододифференцициялык окутуутүшүнүгүнкалыптандыруунун мааниси

Жайлообаева СалтанатЗарлыковна

Билими күчтүү жана изденген,чыгармачыл мугалимдер гана билимди ар түрдүү балдар үчүн түшүнүктүү,жеткиликтүү кыла алышат.Билим берүүнүн булагы ар түрдүү болгондуктан балдардын акыл-эсинде түшүнүү учкунун мугалим жандандырат.

Бул милдетти ийгиликтүү аткаруу үчүн бир катар көндүмдөр талап кылынат.Ал көндүмдөр коомубуздун өзгөрүшүнө,өзгөчө технологиялык инновациянын өсүүсүнө жараша өнүгүп жаңыланып туруусу шарт.Мына ушул динамикалуу окутуу процессинин майданында коомдун талабына ылайык “Башталгыч класстын мугалимдерин” даярдоодо “мугалим-окуучу” деген мамилени бирге аракеттенүү ,бирге эмгектенүү,жардамдашуу, ички дүйнөсүн түшүнүү деп билүү менен бардык балага туура мамиле кылып,жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп ,алардын керт башын сыйлап,ички кызыгууларын,керектөөлөрүн аныктап жардамдашуу милдетин түшүнгөн кесип ээлерин даярдоо биздин башкы милдет. Бул гумандуулук педагогикасынын эң маанилүү иши.Дал ушундай мугалимди ар бир окуучу күтөт. Ал кандай мугалим?Окуучу кандай мугалимди күтөт?Ал аң-сезимдүү жүрүш-турушу иш-аракети менен башкалардан айырмаланган,айлана-чөйрөнү ,өзүн,аң-сезимдүү өздөштүргөн,ар дайым коомдогу көз карашты өздөштүргөн,баа берген,өзүнүн ага болгон мамилесин билдирген,коомдогу өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп ,ага көнүүгө аракеттенип өз позициясын билдирген жана өз ордун билген адам.Ошондой эле илимий-педагогикалык таанып билүү кызыгуудан гана эмес,социалдык керектөөнү толук канаанагаттандыруудан да көз каранды экенин билет.Демек ,теориялык жана практикалык байланыш аксиологиялык деп аталат.Баалуулук адам жана ал жашаган коомго тиешелүү,ал эми коомдун эң баалуу нерсеси адам.Баалуу нерсе Василий Петорович Тугариновдун айтуусу боюнча-бул буюмдар,кубулуштар гана эмес,идеялдар,идеяларжана жүрүш –туруш нормалары.Аларды өздөштүрүүгумандуулук идеясынын негизги максаты.Демек,педагогикалык аксиологиянын негизин адам баласынын турмушунун ,жашоосунун баалуулугу ,окуу жана тарбия иш аракети ,жалпыга билим берүү баалуулугу түзөт.Изилдөөлөр көрсөткөндөй башталгыч класстын окуучулары билим тарбия берүүдө мугалимдин адамдык нравалык сапатын биринчи орунга коюшкан,андан кийин билим берүү чеберчилигин белгилешкен.Мектепке чейинки курак жана мектеп жашындагы эрте бала чак адам баласынын жашоосунун эң орчундуу мезгили болуп саналат.Себеби дал ушул куракта адам баласынын мындан кийинки жашоосуна түздөн-түз таасир бере турган бүтүндөй өмүр жолунун сценарийи жазылат. “Дарактын түз өсүүсүнө көчөт мезгилинде көңүл бурбаса ,ал эч качан түздөлбөйт” деген накыл кепте таамай айтылгандай үй-бүлөөдөн кийин эле билим –тарбия берүү милдети мектепке чейинки жана мектеп мекемелериндеги кесипкөй инсандарга жүктөлөт.Ал эми биздин милдет коомдун талабына жооп берген,окуучу күткөн тарбиячыларды жана мугалимдерди даярдоо.

Баланын негизги муктаждыгы-кызыгуу,изилдөө,үйрөнүү,суроо,салыштыруу болуп эсептелет.Бул муктаждыкты канагаттандыруу эң алгач үй-бүлөөдө андан соң мектепке чейинки мекемелерде ,мектепте улантылат.Бугүнкү күндө эне менен баланын ортосундагы мамиленин жоктугу окуу-тарбия ишине түздөн-түз кедергисин тийгизип жатканы өзүнчө чоң маселе.Үй бүлөөдө эне-ата менен баланын байланышы жокко эсе,себеби учурдагы жашоонун агымы менен баланы эч нерседен кем кылбоо аракетин көргөн эне-ата материалдык тирчиликтин майданына өзүлөрүн толугу менен арнап койгондой..Бала менен баарлашуунун жоктугу эне бала мамилеси жокко учуратып ,бала баарлашуудан алыстап чөнтөк телефон менен ошол боштукту толтуруп алгандай сезилет.Натыйжада бала нарк-насил,баалуулуктар камтылган жомокторду окубай калды,китеп окуудан да алыстап кеткени ачык айкын көрүнүп турат.Мына ушул маселени эске алуу менен жер-жерлерде эл мугалими Гапыр Мадаминовдун “ Энелер мектеби”демилгесин колдоп жатышат.

Бала өзүнүн эс тутумунда эрежелерди ,ишенимдерди,баалуулуктарды сактайт. Баланын мээси ак барактай ,ага кандай чиймелесең ошондой кабыл алаары жалпыбызга маалым.Билим-тарбия берүүдө ушул өзгөчөлүктөрдү эске алууда USAIDдин “Окуу керемет”долбоорунун мааниси зор.Өзгөчө “Дифференциациялык жана интеграциялык окутуу”стратегияларын тандоо чоң мааниге ээ.Дифференциациялык окутуу –бул ар бир бала менен жекече мамиле түзүү менен билим берүү болуп саналат.Ал эми ар бир бала менен жекече мамиле түзүүдө сөзсүз түрдө эне-аталар жардам бериши керек.Себеби бала үйдө эне-атанын көзөмөлүндө болуп,мектепте коюлган талаптарды үйдө эне-ата дагы кое билгенде гана балдарды ийгиликке жетелей алабыз деген ойдомун.Кыргыз элинде “Булак көрсөң көзүн ач” деген учкул макалда айтылгандай дифференциацияланган окутуунун стратегияларын пайдалануу ар бир балага жекече мамиле кылуу менен жан дүйнөсүн байытып,окууга болгон кызыгуусун арттырып,дүйнөгө болгон илимий көз карашын калыптандырууга кенен жол ачат.

USAIDдин “Окуу керемет” долбоору-бул башталгыч мектеп окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуп-үйрөнүү натыйжаларын жакшыртууга багытталган беш жылдык долбоор өзүнүн жемишин берип ,натыйжалары менен сиздер менен бөлүшүп жаткан учуру.

Ильяс Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжи бул долбоор менен кызматташууда “Башталгыч класстарда окутуу” адистигин даярдоодо алгылыктуу жетишкендиктерге ээ болду.Мектеп -бул уникалдуу чеберкана,анда келечек муундардын ар түрдүү идеялары,көз караштары, калыптанат.Андыктан билим менен тарбия берүүнүн багытын туура нукта алып баруу өтө маанилүү болоорун ар бир кесип ээси түшүнүүсү керек.Мугалимдик кесиптин татаалдыгынын негизги сыры да ушунда.Мындан сырткары ааламдашуу заманында,интернет доорунда “Окуу керемет”долбоорунун окутуудагы жаны стратегиялары ар бир кесип ээлерине жаңыланууга,ар бир окуучу өзгөчө болоорун түшүнүүгө кенен жол ачты.

2012-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн стратегиясында ар бир окуучу жалпы билим берүүчү мектептеги окутуу процессинде негизги ,ошондой эле предметтик компетенттүүлүктөргө ээ боллууга жардам берүү милдети коюлган.

Ар бир класстагы окуучулар ар башка ,өздөрүнүн жеке муктаждыктарына жана өзгөчөлүктөрүнө   ээ,ал эми бирдиктүү жалпы программа боюнча окутулгандыгын эске алуу менен окутууга дифференцияланган мамилени киргизүү зарылчылыгы пайда болгон.

Дифференцияланган мамиле –бул жагымдуу жана оптималдуу шарттарды түзүү,алар негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга,жөндөмдүүлүктөрдү,

кызыкчылыктарды өнүктүрүүгө жана окуучулардын мотивациясын жогорулатууга түрткү болот.

Дифференцияланган окутуу Лев Семенович Выгодскийдин социомаданий теориясына негизделген.Анын айтымында окутуу процессинде ар бир баланын өзгөчөлүгүн ,инсандыгын эске алуу керек,ошондуктан билимдерди өздөштүрүү,билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болуу ар бир конкреттүү окуучудан көз каранды болот.

Дифференцияланган окутуу-бул бардык окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн,мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу менен окутуу.

Дифференциация мугалим тарабынан ар түрдүү окуучулар үчүн тапшырмаларды кылдат пландаштырууну дагы ошондой эле окуучулардын бул тапшырмаларды кантип аткаруусун ,окуп-үйрөнүүдө алдыга жылышын дагы камтыйт.Баса белгилей кетүүчү жагдай дифференциация окутуу процессинин жүрүшүнүн бардыгында уланат:пландаштыруудан баштап,иштин натыйжаларын баалоого чейин.Ал мазмундуу окутуу процессин жана окуучунун жетишкендиктерин баалоону ,окутуунун натыйжаларын презентациялоону,жагымдуу окуу чөйрөсүн уюштурууну жана классты башкарууну дифференциациялоону алдын алат.Дифференцияланган окутуу процессинде ар бир окуучунун жаны кырдаалдарды түшүнүү жана жаны тажрыйба топтоо үчүн алган билимине жана мурунку тажрыйбасына таянуу керек,бул жөнүндө Лев .Семенович Выгодскийдин актуалдуу жана жакынкы өнүгүү зонасы жөнүндө теориясы тастыктайт.Бул окутуу жалпы класстын окутуу процессинде бардык окуучулардын күчтүү жактарын жана муктаждыктарын эске алат.Дифференцияланган окутууну колдонуу кандай өзгөчөлүктөргө ээ? Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүчү Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык бул бөлүмдө мектеп программасынын ар кандай предметтерин :адабий окуу,кыргыз тили,математика,мекен таануу,турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери,көркөм өнөр ,адеп сабактарын окуп үйрөнүу боюнча дифференцияланган окутууну колдонулат.Мисалдар стратегиялар-конкреттүү нускамалар түрүндө берилген,алар предметтер боюнча белгилүү темаларды окуп-үйрөнүүдө ,сабакты бүтүндөй өткөрүүдө колдонулат.Кайталануучу аракеттер,көнүгүүлөр,тапшырмалар мугалим жана окуучулар тарабынан системалуу пайдалангандыгы ,үлгүлөр,иштелмелердин ирээти көндүмгө айланып,окуучулардын дараметин ачууга,бадлардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.Ар бир стратегиянын башталышында окутуу процессинде эмнени дифференциялоо маанилүү экендигин көрсөтөт.Окутууну дифференциялоо окуучулар менен иштөөнү уюштурууда олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылгандыгын белгилей кетүү керек.

Дифференцияланган окутуунун негизги максаты болуп инсанды ,анын таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүнө ,жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык келген материалдын белгиленген деңгээлине жетишүүсүн,өнүгүүсүн камсыздаган натыйжалуу окутуу үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү   эсептелет.

Мына ушул өзгөчөлүктөрү менен USAID “Окуу керемет” долбоордун жаны стратегиялары ар бир изденүүнүн үстүндө алектенген мугалимдин көптөгөн суроолорун өзүбүздүн эне тилибизде канааттандырды.Анткени эне сүтү менен бүткөн тилде гана чыныгы кыргыз уул-кызынын жан дүйнөсүнө жаңы эрежелерди,ишенимдерди,баалуулуктар менен жуурулушкан окутууну сиңирүү менен өз улутунун бекем келечеги тарбияланат.Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаков агабыз айткандай “Мен баланын маңдайына барып ,дүйнөнү ачканымда падышага айланам”деген чакыруу менен мугалимдик кесиптинөзгөчөлүгүнүн негизги сырын даңазалагым келди.

Колдонулган адабияттар:

“Педагогиканын теориясы жана технологиясы”авторлор М.Р.Рахимова М.А.Абдыкеримова.

“Башталгыч мектеп дифференциациялык жана интеграциялык окутуу”авторлорР.А.Орозова,М.М.Эсенгулова.М.К.Усупова.Г.Н.Фадеева. ж.б.

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналы.